Үрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үрөнчүлүк менен питомник чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоо механизми ишке кирди. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу 3% менен 36 айга чейин берилет жана программа бекитилген тизмеге кирген чарбаларга арналган. Шартка ылайык, каражаттын 60%ы үрөнчүлүк чарбаларына, кеминде 40%ы питомник чарбаларына бөлүнөт. Бул акча үрөн, көчөт сатып алууга, продукция өстүрүүгө, жабдууларды жаңылоого…


