Үрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үрөнчүлүк менен питомник чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоо механизми ишке кирди.

Насыялар коммерциялык банктар аркылуу 3% менен 36 айга чейин берилет жана программа бекитилген тизмеге кирген чарбаларга арналган.

Шартка ылайык, каражаттын 60%ы үрөнчүлүк чарбаларына, кеминде 40%ы питомник чарбаларына бөлүнөт. Бул акча үрөн, көчөт сатып алууга, продукция өстүрүүгө, жабдууларды жаңылоого жумшалат, ал эми кененирээк маалыматты «Элдик Банк» менен «АБанк» филиалдарынан алууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *