“Түндүк” тиркемеси Президенттин иш башкармасына өттү
“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. “Түндүк” — мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн 2025-жылы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук санариптик платформасы болуп саналат. “Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу…

