Бишкекте 2 гектар жерге “Манас” борбору курулууда
Үч кабаттуу имараттын биринчи кабатында 500 орундуу заманбап салтанат жайы, кызматтык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатында 1300 орундуу концерттик зал, үчүнчү кабатында музей жайгашат. “Манас” борбору өзүн-өзү толук тейлеген, өз кирешеси менен өз чыгымын камсыздаган маданий комплекс болот. Ал эми кирешеси улуу баяндын жана кенже эпостордун баалуулугун дүйнөгө тааныткан анимациялык тасмаларды жаратууга, идеологиялык жана руханий иштерди…

