Президенттин фондунан Баткенге 10 кичи футбол аянтчасы курулат
Маалыматка ылайык, Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов футбол аянтчалары курулуучу жерлерди көрүп чыкты. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүтүп, пайдаланууга берилет деп пландалууда.

