Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт

24–26-март күндөрү Стамбул шаарындагы «Atlas» кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытуу жана түрк көрүүчүлөрүн кыргыз кино өнөрү менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулууда. Программанын алкагында «Кара Кызыл Сары» тасмасы Актан Арым Кубаттын, «Качкын» Дастан Жапар уулунун жана «Бейиш 2» Руслан Акундун режиссерлугунда көрсөтүлөт. Тасмаларда кыргыз коомунун…

Кененирээк

Министр Жээнбек Кулубаев Стамбул шаарындагы КР Башкы консулдугуна барды

2026-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна барды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана консулдуктун кызматкерлери катышты. Министр консулдуктун имаратында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып,…

Кененирээк