ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири — «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.

Кененирээк

ИИМ Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов «Азаттыкка» билдирген. Ал «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча иш козголгонун ырастап, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганын маалымдады, арасында Тай-Мурас Ташиев болбогонун айтты. Буга чейин…

Кененирээк

ИИМ Бекболот Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрдү деген маалыматты четке какты

Буга чейин коомдук ишмердин уулу атасын эрте менен суракка алып кетишкенин, үйдө бир нече милиция кызматкери калганын, алар тинтүү жүргүзүшү мүмкүн экенин айткан. Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган петицияга кол койгондордун бири болгон. Белгилей кетчү нерсе, ал 2016-жылы төңкөрүш жасоого шектелип кармалган. Талгарбеков “мөөнөтүнөн мурда шайлоо” өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган. Президент да…

Кененирээк

Илон Маскка таандык соцтармактын кеңсесинде тинтүү болуп, өзү суракка чакырылды

Франциянын прокуратурасы Илон Маскка таандык X социалдык тармагынын Париждеги кеңселеринде тинтүү жүргүздү. Бул 2025-жылдын январынан бери уланып келе жаткан иликтөөнүн алкагында өттү. Тергөө соцтармакты кыянат пайдалануу жана мыйзам бузуу боюнча шек саноолорго байланыштуу. Процессуалдык аракеттерди прокуратуранын киберкоопсуздук бөлүмү Европол менен биргеликте жүргүзгөн. Париж прокуратурасы X платформасында билдирүү жарыялап, платформадан чыгып жатканын да кошумчалады. Bloomberg маалымдагандай,…

Кененирээк