Кыргызстанда суунун тартыштыгы байкалууда: сугатка көзөмөл күчөтүлөт
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Туратбек Идрисов белгилегендей, суунун азайышы — дүйнөлүк тенденция. Маалыматка ылайык, 2025-жылы — 5,767 млрд кубометр суу пайдаланылган, ал эми 2026-жылы — 6,303 млрд кубометр суу бөлүштүрүү пландалууда. Облустарда жана райондордо атайын штабдар түзүлүп, сугат суусунун адилеттүү жана рационалдуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт….

