Тоңдурулган жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн ишканаларды каттоо башталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына…

