Москвада каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү
Алдын ала маалыматтарга караганда, үч жаран Подмосковьеде уулуу газга ууланып каза болушкан. Буга чейин орус ЖМКлары трагедия Москва облусунун Дмитров районундагы курулуш объектилеринин биринде болгонун жазышкан. Ал жерде чет элдик курулушчулар иштеп жаткан. Болжолдуу версиялардын бири боюнча, өлүмгө имарат ичинде уулуу газдын топтолушу себеп болгон. Маалымат булактарынын билдиришинче, каза болгондор Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары…


