Февралда абанын табы 20 градуска чейин көтөрүлөт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, февраль айында республиканын аймагында абанын табы жылдык нормадан жылуу болот. Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +21 градуска чейин көтөрүлөт. Анткени менен синоптиктер түнкүсүн суук болот деп эскертүүдө. Айрым аймактарда -12ден -26 градуска чейин төмөн түшөт.
