Астанада Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты курулат

Астана шаарынан 74 сотых жер тилкеси бөлүнүп, ал жерде элчиликтин жаңы имараты курулмай болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев билдирди. Учурда Кыргызстан менен Казакстан экономикалык жана дипломатиялык кызматташтыкты бекемдөөнү улантууда. Анын алкагында, 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү да пландалган.

Кененирээк

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишин токтотту

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарына болушунча сак болуу сунушталат: -Жеке коопсуздук чараларын так сактап, эл көп чогулган жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийликтин талаптарын так аткаруу зарыл. -Дайыма өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүп, расмий маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп туруу керек. Министрлик жарандарды Иранга убактылуу барбай турууга чакырат. АКШ…

Кененирээк

Кыргызстан менен Казакстан элчиликтери жайгашкан жер тилкелерин бекер пайдаланмай болду

Парламент өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Бишкек жана Астанадагы дипөкүлчүлүк жайгашкан имарат жер тилкеси менен, дипломаттар жашаган резиденция да жер тилкеси менен өлкөлөргө акысыз пайдаланууга берилди. Тышкы иштер министринин орун басары чет мамлекеттерде 33 элчилик, 10 башкы консулдук, 2 эл аралык уюмда туруктуу өкүлчүлүк бар экенин билдирди. Алардын ичинен 14 дипөкүлчүлүк менчик имаратта отурат….

Кененирээк