Бишкекте «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт
27–31-майда Бишкек шаарында салттуу маданият жана колөнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кинокөрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз,…


