“Эскерүү багы” акциясынын алкагында Манас шаарында 150 көчөт отургузулду
Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эл аралык “Эскерүү багы” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгү билдирди. Акциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын Достук паркына 150 бактын көчөтү отургузулду. Иш-чарага жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Акцияга Жалал-Абад облусунун башчысы,Манас шаарынын мэри, Россиянын Оштогу башкы консулу, Россотрудничество жана “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышты….

