Кытайдан атчан чыккан этникалык кыргыз кыздар Кыргызстанга жакындап калышты
Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан атчан сапарга чыккан Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы 24-25-май күндөрү Торугарт аркылуу Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, алар Нарын аркылуу Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнө барып, андан соң Чүйгө келишет. Сапар Бишкекте жыйынтыкталат. Кыздар Кыргызстанда болжол менен бир жума болушат. Аларды Маданият министрлиги тосуп алууга даярданып, жергиликтүү тургундар дагы демилге көтөрүп…


