«Кыргызфармация» дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат
2026-жылдын башынан бери «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Минздрав бекиткен тизме боюнча дары-дармек жана медбуюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууда. Үстүбүздөгү жылы сатып алуулардын бир бөлүгүн БУУ тутумундагы уюмдардын механизмдери аркылуу өткөрүү пландалууда. Бул моделдин алкагында 30га жакын аталыштагы дары-дармек жана медбуюмдар түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн алынат. Мындай ыкма ортомчуларды четтетип, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДСУнун преквалификациясына…

