2024-жылдын март айында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги канцеляриялар менен бирдикте орусияда убактылуу жүргөн КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү.
Элчиликтен маалымдашкандай, анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:
57 КР жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
РФ сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 94 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
жеке кабыл алуунун жүрүшүндө 1197 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
КР жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 8 сот отурумуна катышуу ишке ашырылды;
РФда КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен 14 жолугушуу өткөрүлдү;
4244 улуттук паспорт таризделип, берилди;
1123 КРга кайтуу күбөлүгү таризделди;
маалымдама берүү менен 988 документ суралды;
812 жеке идентификациялык номер берилди/өзгөртүлдү;
172 нотариалдык иштер жасалды;
141 айдоочу күбөлүк таризделди.
2024-жылдын март айында элчилик канцеляриялар менен бирдикте КР жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 18 миң 180 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *