9-май — Жеңиш күнүнө карата Баткен облусунда «Өчпөс полк» жүрүшү уюштурулат
Аймактын тургундары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тыл эмгекчилеринин сүрөттөрүн көтөрүп, эскерүү жүрүшүнө катышууга чакырылууда. Иш-чара саат 09:00дө облустун бардык райондук жана шаардык борборлорунда башталат. Каалоочулардын баары катышса болот.


