Күзөт учурунда шеригин атып, качып кеткен жоокер кармалды
Токтогул ГЭСин кайтарууда кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди. Бүгүн, болжол менен саат 16.00 чамасында Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү кармалды. Маалыматка ылайык, шектүү Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан. Ал сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү….

