Ошто борбордук стадиондун отургучтарынын үстү жабылат

Борбордук стадиондогу отургучтардын үстү жабылып, кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус ошондой эле имаратка желдетүү системасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.Ага ылайык Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу куруу долбоору менен таанышып, жумуштун башталуусуна старт берди. Калаа башчысы шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтардын…

Кененирээк

Баткенде 52 жаран бизнес идеясына кайтарымсыз грант алышты

Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын башында башталган Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган  долбоорго  жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.  Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан. Өзгөчө көңүл аялдарга,…

Кененирээк

Шакиев видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

Бир ай ичинде өлкөдө жаңы төрөгөн наристесин көчөгө таштап салган 3 окуя катталды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев пикирин билдирди. Төрага 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумун ачып жатып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи. «Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп…

Кененирээк

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектин 33 жаштагы тургуну үч эм, бир кыз жана эки уулду жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен төрөлүшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ымыркайлардын салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Ошондой эле эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу.

Кененирээк

Ошто бош орундар жарманкеси өтүүдө

Бүгүн Ош шаарында “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси” өтүүдө. Иш чара С. Ибраимов атындагы улуттук драм театрда саат 13:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Бугүнку иш чарага 3000 ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр-жай, курулуш,транспорт,соода,билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б тармактардан 50 ири компания катышып жатат. Иш чаранын максаты жарандарга…

Кененирээк