Президент иш сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;— Президенттин…

