Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдун артыкчылыгы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөттөн билдиришкендей, учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар…

