Каттуу бороондон 154 объект жабыркады

ЗКТ: Кечээ, 28-мартта өлкө аймагында катуу шамал болуп, материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке…

Кененирээк

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салды. Санитардык полигондун аймагына куруу пландалып жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү завод суткасына 850 тоннага жакын таштанды утилизация кылат. Заводдун аймагында таштандыларды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар…

Кененирээк

Жалал-Абадда дубал сүрөттөрү пайда болду

Жалал-Абад шаарында Раатбек Санатбаев жана Манас баатыр кырк чоросу менен түшүрүлгөн дубал сүрөттөрү пайда болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калааны көрктөндүрүүгө салым кошкон сүрөтчүлөр Асан Жузбаев менен Мирлан Жолоевди кабыл алды. Анда калаадагы көп кабаттуу үйлөргө эстетикалык көрк бергендиги үчүн ыраазычылык баракчаларын тапшырып, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Аталган сүрөтчүлөр Спутник…

Кененирээк

Ош шаарында 2024-2025 жылытуу мезгилине даярдыктар башталды

Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 1-апрелден тарта гидравликалык сыноо жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Сыноолор 4 этап менен жүргүзүлөт. Гидравликалык сыноонун графиги: 1-этап: (1-апрелден, 2-апрелге чейин) Курманжан датка, Ленин, Г.Айтиев, Алиев, Супаналиев, Амир-Тимур, Абдыкадыров көчөлөрү; 2-этап: (2-апрелден, 3-апрелге чейин) А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн,…

Кененирээк

Баткенде мунайды кайра иштете турган завод курулууда

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Завод быйыл июнь айында пайдаланууга берилмекчи. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи. Мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталганы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилери кошумчаланды. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө….

Кененирээк

Кыргызстан менен АКШнын саясий экономикалык өнөктөштүгү жанданат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири…

Кененирээк

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси расмий ачылды

Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Имарат Чүй облусунун Москва районун Төлөк айылында жайгашкан. Бул – өлкө боюнча түзүлө турган кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы. Бакча бир тайпага ылайыкташып, мында эки нөөмөттө түшкө чейин жана түштөн кийин 50 бала тарбияланат. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып…

Кененирээк

Орусияда жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөрүү кирди

Кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алган соң айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз деп табылат. Бул тууралуу кыргызстандын орусиядагы элчилиги маалымат таратты. “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, кыргыз жарандарынын Орусиянын жарандыгын алган соң айдоочулук күбөлүгү жараксыз болот. Ошондуктан убагында орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алуусу керек. алгандан күндөн тартып бир жылдан кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү бул өлкөдө жараксыз деп…

Кененирээк