В.Путин кайрадан президент болду

Бүгүн Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча…

Кененирээк

“Жооптуу бол!” бир айлыктын жыйынтыгы чыкты

«Жооптуу бол!» аталышында республикалык бир айлыктын алкагында февраль айында республика боюнча 18 жаштан жогорку курактагы 680 миңден ашык эркектер жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына барышты. Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет….

Кененирээк

Кадыр түн качан болору маалым болду

Муфтияттын маалыматына караганда, Кыргызстанда Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот. Адатта Кадыр түн орозо башталгандан кийин жыйырма жетинчи түндө тосулат. Ал эми Орозо айт 10-апрелде белгиленмекчи.

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын 10,76 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн. Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым….

Кененирээк

Кыргызстанда 12жылдык окуу системасы качан киргизилет?

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына качан өтүшү анык эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалым болгондой 12 жылдык билим берүүгө мамлекет башчы макулдугун берген. Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт…

Кененирээк