Макаренко мектебиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын аймагын баштапкы калыбына келтирүү иштери башталды. Бүгүн, мектептин аймагындагы чарбалык жана коммерциялык багыттагы эки мыйзамсыз курулуш алып салынууда.

Кененирээк

Бүгүн борбор калаада жылуулук өчүрүлө баштайт

Бүгүн, 25-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук берүү өчүрүлөт. Март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасы эске алынды. «Бишкек шаарындагы 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы жөнүндө» буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду.

Кененирээк

Жалал-Абадда таштанды ылгоочу завод курулууда

Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулуп жатат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда. Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат….

Кененирээк

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйдү

Бүгүн, 25-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Белгилей кетсек, 18-мартка суу сактагычка суунун агып келиши секундасына 165 куб метрди түзсө, сууну…

Кененирээк

Бактылуулук боюнча Өзбекстан алдыңкы орунда

Өзбекстан Бактылуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 143 өлкөнүн ичинен 47-орунга жайгашты. БУУнун түзүмү Гэллап институту жана Оксфорд изилдөө борбору менен биргеликте даярдаган ар жылкы рейтингде быйыл Финляндия катары менен жетинчи жолу дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Мындан тышкары рейтингдин алдыңкы ондугуна Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирсе, эң акыркы сапка…

Кененирээк