Бүгүн айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт

18-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Жаан-чачын Чүй менен Талас облустарынын тоолуу райондорунда да болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт. Эң жогорку температура түштүк аймактарда сакталып, күндүз аба 35°C чейин ысыйт.

🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 9…14°C, күндүз 26…31°C
🔶 Талас облусу: түнкүсүн 9…14°C, күндүз 25…30°C
🔶 Ош облусу: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 30…35°C
🔶 Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 30…35°C
🔶 Баткен облусу: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 30…35°C
🔶 Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 5…10°C, күндүз 20…25°C
🔶 Нарын облусу: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 21…26°C
🔶 Бишкек: түнкүсүн 10…12°C, күндүз 29…31°C

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *