Какао антиоксиданттарга бай, бул бизди карылыктан коргойт. Ошондой эле инфарктты жана инсульттун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу диетолог Татьяна Залетова билдиргенин “Известия” басылмасы жазды.


Адистин айтымында, жүрөк жана кан тамыр оорулары өнүккөн өлкөлөрдө өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Антиоксиданттарды камтыган башка азыктар сыяктуу эле, какао да бул ооруларды алдын алат. Азыктын курамында эс тутумду жана жакшырта турган антиоксиданттар жана флавоноиддер бар. Какао физикалык көнүгүүлөрдү үйрөнүү жөндөмүн жогорулатат.
Мындан тышкары, суусундуктун курамына боору бузулган бейтаптарга пайдалуу компоненттер кирет.


Какаонун курамындагы заттар цирроз менен ооругандарга жардам берет деген далилдер бар. Албетте, суусундук даба болбойт, бирок бул оорунун өнүгүшүн жайлатат. Мисалы мындай ооруларга вирустук гепатитти, боор оорусу циррозго чалдыкан оорулар кирет“- деп кошумчалады диетолог Татьяна Залетова.


Таза какао порошогунан жасалган суусундук эң пайдалуу касиетке ээ. Ал ширелүү болбойт, майлуу даамданат. Курамында каныкпаган май кислоталары бар. Ошондой эле суусундук кант диабетинин жана онкологиянын айрым түрлөрүнүн алдын алат. Аны көк чай менен алмаштырып ичүүгө болот. Какаону кант же бышырылган сүт менен аралыштырып ичүү сунушталбайт.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *