Кыргыз-кытай чек арасында 23-январга караган түнү жана эртең менен 6 жолу жер титиреди.


КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин биринчи силкиниши саат 00:09да катталып, күчү 8 баллга жетти.
Андан соң саат 00:42, 01:36да – 6 балл, 02:57де – 5 балл жана эртең менен саат 05:19да – 6 балл жана 07:18де – 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Акыркы жердин силкинүүсү Кумтөрдө сезилип, күчү 3 баллга жеткен.


Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Кумтөрдөн 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 210 чакырым чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.


Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү — Кумтөрдө – 6 балл, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында — 4,5 балл, Нарын шаарында — 4 балл, Бишкек шаарында — 3 баллга чейин сезилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *