Дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.

Белгиленгендей, айыл чарбасы «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.


2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736. Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51 млн сомду – бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 1/3 бөлүгү — 2 млрд 821 млн сом.


Кепилдик аркылуу берилген кредиттик каражаттардын көлөмү 3 млрд сомдон ашты – өткөн жылы берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн — 8 млрд 26 млн сомдун 37% түздү.

Кабарчы — Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *