Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, өлкө аймагында күтүлүп жаткан суукка байланыштуу мэриянын Билим берүү департаменти кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.


Ага ылайык 17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.


Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштейт. Бирок, эгерде ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.


Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.


Белгилей кетсек, синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүндөн тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкекте дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *