Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасында болду. Өлкө башчыны Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.


Иш чарага чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Россиянын Президенти Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *