«Тез Жет» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алган. Ошентип Кыргызстандан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын саны көбөйтүлдү.
Бишкек — Ташкент — Бишкек жана Ош — Ташкент — Ош багыттары боюнча каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен аткарылат.

