Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу былтыр эле башталган, азыркы учурда долбоорго кол коюу алдында турат. Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган «Айыл чарба машина куруу заводу» деген котельныйдын ордуна курулат. Ал болжол менен 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулукта болмокчу. ЖЭБ борбор калаанын батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт.
Ошондой эле министрдин орун басары Бишкектин четиндеги Селекция айылында жайгашкан ЖЭБ-2ни ишке киргизүү боюнча дагы бир чоң долбоор пландалып жатканын айтты.
«Учурда долбоорду ишке ашырууга инвесторлор чыгууда. Анын кубаттуулугу болжол менен 110 МВТ электр энергиясын, 170 МВТ жылуулукту түзөт.