Бишкекте жол тыгын маселесин чечүүнүн жолу катары мектептердин ишин саат 7де, кээ бир мекемелердикин саат 10до баштоо сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров билдиргендей, тыгын маселесин чечүүнүн алкагында шаар бийлиги Бишкектин ортосунан өткөн темир жол аркылуу 8 өтмөк салууну пландоодо. Ошондой эле шаарда күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынды.
Аны менен бирге мэрия шаардагы мектеп, мекемелердин иш убактысын өзгөртүүнү сунуштоодо.
«Айрым мектептерде сабактар 7де, көп киши иштеген мекеме-ишканаларда жумуш 10до башталсын деген сунуш бар. Мен муну колдоп жатам. Азыр графиктердин үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкектеги мектептерде сабактар саат 07:30да, 08:00до башталат. Ал эми мекеме-ишканалардын көбүнүн жумушу саат 09:00до башталат.

