Оштогу 2 эс алуу жайы мамлекеттин менчигине өттү

Ош пансионаты менен Ош турбазасы мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында аталган эс алуу жайлардын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс-депутат жана башка адамдар менчиктештирип алганы маалым болду.

Ош пансионаты 21,5 га болгон, азыр 17,68 га гана жери калган; Ош турбаза 4 га болгон, азыр 2,8 га гана жери калган. «Ким болбосун мыйзамсыз менчиктештирип алган жерлерди кайра мамлекеттин карамагына кайтарып алышыбыз керек», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *