Бүгүн, 13- августта Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар Бишкек шаарына келишти. Аларды “Мана 2” аэропортунан жакындары жана мамлекет кызматкерлери тосуп алышты. Учурда аянт курчоого алынып , иш-чарага даярдык көрүлүүдө. Аянтка кызыл бантик менен байланган 16 унаа коюлду.
Парижде өткөн Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып , 2 күмүш ,4 коло байге утушкан. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болду.


