АКШда өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп кетишкен. Окуя Лос-Анжелесте болгон . Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулу топтошкон адамдардын бири анын машинасына бөтөлкө ыргытканын ,автоунаасынан чыкканда балдар аны тегеректеп сабап башташканын айтты .
Өспүрүмдөр кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулунун бутун сындырып, жаңы машинасын талкалап, буюмдарын , паспорт, капчыгынан бери тоноп кетишкен.
Бирок Лос-Анжелестин полициясы бул окуяга карата эч кандай чара көргөн эмес.
