Бүгүн, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу «Оскар» сыйлыгына «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

