Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон — Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мекемеси түзүлдү.
Министрлер кабинетинин тескемеси менен анын башкы директору болуп Акылбек Мусабаев дайындалды.
Жаңы дирекция жол куруу долбоорун координациялап, каржылык каражаттардын пайдаланылышын камсыз кылып, техникалык, экологиялык жана социалдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Узундугу болжол менен 150 чакырым болгон жол Барскоон айылы менен Кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пунктун байланыштырат, ал эми негизги иштерди 2029-жылы аяктоо пландалууда.


