АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген.

Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы алты күнү 11,3 миллиард долларга бааланганын жана күнүмдүк чыгымдар орто эсеп менен 1 миллиард долларды түзүп жатканын маалымдаган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *