Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатындагы алгачкы оюнда Болгарияны 5:3 эсебинде жеңди.
Бул турнир Кыргызстан үчүн тарыхый болуп эсептелет, анткени команда биринчи жолу IIB дивизионунда ойноодо. Чемпионат 6–12-апрель күндөрү София шаарында өтүп жатат.


