Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары белгиленип, анын алкагында Кыргызстан жарандары Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку квалификациялуу медициналык жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


