Бүгүн, 24-августка караган түнү Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, түнкү саат 2:32де жер силкинип, анын күчү дээрлик 5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Талаа айылынан 26 чакырым түштүк -чыгышта, Жоо-Пая айылынан 30 чакырым түштүк — чыгышта, Карамык айылынан 46 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк -чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жоо-Пая айылдарында 4 балл, Табылгы, Кайынды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айдарында 3 баллга чейин сезилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *