Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-августка чейин республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

