Бүгүн, Жогорку Кеңеш комитет төрагаларынын орун басарларын шайлашты. Добуш берүү учурунда Элвира Сурабалдиева менен төрага Нурланбек Тургунбек уулунун ортосунда талаш-тартыш орун алды.
Сурабалдиева депутаттардын арасында талаш-тартыштар жаралып жаткандыктан, комитеттердин төрагаларынын орун басарларын альтернативасыз шайлоону суранды.
Ал тургай, парламент мүчөлөрү түндүк менен түштүккө бөлүнгөн учурга чейин жеткенин белгиледи. Анын кечээ төрага эч кандай альтернативасыз шайланганын эске салды.
Спикер Сурабалдиеванын түндүк менен түштүктүн ортосундагы бөлүнүү жөнүндөгү сөздөрүн сындап, мындай сөздөр олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Өз кезегинде депутат спикерден аны коркутпоосун суранды.

