Ош облусунда 40 миллион долларлык толук циклдеги текстиль өндүрүшү түзүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы «Евразия Групп» компаниясынын тигүү фабрикасына барды. Иш сапар тигүү фабрикасынын экинчи этабын куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышууга багытталган. Долбоор боюнча биринчи жана кийинки этаптарды кошкондо инвестициянын жалпы көлөмү 40 млн АКШ долларын түзөт. Экинчи этаптын алкагында төмөнкү иштер каралган: •…

Кененирээк

Эркектердин ден соолугу акысыз текшерилет

Кыргызстанда 1-февралдан тарта эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча «Жооптуу бол!» аттуу бир айлык башталды. Кампания 18 жаштан жогору эркектер арасында инфекциялык эмес ооруларды аныктоого жана дарттын алдын алууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бир айлыктын алкагында үй-бүлө ээлери жашаган жери караган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же ФАПтарга кайрылышы керек. Өткөн 2025-жылы өлкө боюнча 973…

Кененирээк

Февралда абанын табы 20 градуска чейин көтөрүлөт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, февраль айында республиканын аймагында абанын табы жылдык нормадан жылуу болот. Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +21 градуска чейин көтөрүлөт. Анткени менен синоптиктер түнкүсүн суук болот деп эскертүүдө. Айрым аймактарда -12ден -26 градуска чейин төмөн түшөт.

Кененирээк

Насвай колдонгондордун 80 пайызы ооз көңдөйүнүн рагына чалдыгышат

Онкологдордун маалыматына ылайык, тилдин, эриндин, ооз көңдөйүнүн жана кекиртектин рагынын 80%га чейинки учурлары насвай колдонуу менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты чыңдоо борбору билдирди. Кыргызстанда насвайды сатууга мыйзам деңгээлинде тыюу салынган эмес. Ал чакан таңгактарда сатылып, тамекидей жыты жок болгондуктан «зыяны жоктой» сезилет. Дал ушундан улам насвай өзгөчө кооптуу — ал чоңдорду эле…

Кененирээк

Бишкекте жапайы канаттууларды коргоо боюнча волонтердук миссия өтөт

2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарында «Миссия ДОБРО» эл аралык программасынын алкагында жапайы канаттууларды коргоого жана реабилитациялоого багытталган иш-чаралар өтөт. Программанын негизги окуясы — белгилүү россиялык ветеринар Карен Даллакяндын «Зоо Бишкек» борборундагы иши болмокчу. Адис браконьерлерден же кырсыктардан жабыркаган канаттууларга операцияларды жасап, консультацияларды берет. Ошондой эле сапардын алкагында кыргызстандык орнитологдор жана ветеринарлар менен тажрыйба алмашуу пландалууда….

Кененирээк

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы БАЭге иш сапары менен барат

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал Дубай эмиратынын башкаруучусу, БАЭнин вице-президенти жана премьер-министри шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Иш сапардын алкагында Эмираттардын жогорку жетекчилиги, бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр…

Кененирээк