Күч түзүмдөрү реформаланат: жаңы тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча алдыдагы ири өзгөрүүлөрдү жарыялады. Мамлекет башчысы УКМКнын ишине байланышкан сындарды эске алуу менен, атайын кызматтын милдеттерин тактоо чечимин кабыл алганын билдирди. Негизги өзгөрүүлөр: УКМК өзүнүн гана милдетин аткарып калат: Чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм, экстремизм жана конституциялык түзүлүштү коргоо багыттары менен гана алектенет. Экономикалык кылмыштар жана базарлардагы көйгөйлөр УКМКнын милдети…

Кененирээк

Кыргызстандын компанияларынын продукциясы Москвадагы эң чоң көргөзмөдө мыкты деп табылды

Маалыматка ылайык, Москвадагы 33-эл аралык «Продэкспо — 2026» көргөзмөсүнө 20дан ашык кыргызстандык компания катышкан. «Биздин продукция дегустациялык сынактарда мыкты деп табылып, көргөзмөнүн жыйынтыгы менен 11 компания экспорттук келишим түздү. Булар жакында консерваланган азыктарды, тоңдурулган жашылча-жемиштерди, вакуумдук таңгактагы жүгөрүнү, ширелерди жана кургатылган жемиштерди Россияга жеткире башташат», — деди «Кыргыз Экспорт» борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев…

Кененирээк

Өзбекстан Газаны калыбына келтирүүгө салым кошот

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин жыйынында өлкөсү Газаны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошорун билдирди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ташкент анклав аймагында турак жайларды, бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды курууга катышууга даяр. Мирзиёев сөзүндө АКШ президенти жана Тынчтык кеңешинин төрагасы Дональд Трампка уюмдун биринчи саммитин чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Кеңештин…

Кененирээк

Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев кармалды

Ал 2022–2023-жылдары Транспорттогу мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборун жетектеп турганда кол алдындагылардан системалуу түрдө акча алган деп шектелип жатканын УКМКдан кабарлашты. Сыдыгалиев убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешелүү башка адамдар аныкталууда.

Кененирээк

Манас шаарынын мэри алмашты

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматтан алынды.Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Жаңы шаар башчысы тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ал Жалал-Абадда туулган, 62 жашта, кесиби боюнча инженер-механик. 2020-жылы “Мекенчил” партиясынан, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Кененирээк