Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Жарлыктарга ылайык, Улан Ниязбеков милициянын генерал-полковниги болду. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков генерал-лейтенант наамын алды. Мындан тышкары, Акылбек Намазов, Уранбек Шадыбеков, Тариэл Отонбаев, Талайбек Шаршеев, Талантбек Талипов жана Алишер Эрбаев генерал-майор наамына татыды. Ал эми Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

Кыргызстанда эркектердин саны 3,7 миллионго жетти

2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3,7 млн адамды түзүп, өлкө калкынын 49,5%ын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жарыяланган серепке ылайык, эркектердин үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ал эми өлкөдөгү ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында турат. Экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда: эмгекке жарамдуу эркектердин 77%дан…

Кененирээк

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия биринчилигинде күмүш медаль алды

Япониянын Фукуока шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргыз курамасы кросс түрүндөгү жарышта экинчи орунду ээледи. Командада Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу күч сынашты. Биринчи орунду Япония ээлесе, үчүнчү орунду кытай спортчулары камсыздады.

Кененирээк

Коргоо министрлигинде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата митинг болуп өттү

2026-жылдын 23-февралында Коргоо министрлигинде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын аскер кызматчыларынын катышуусу менен митинг болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышып, Коргоо министри өз сөзүндө “Өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоого да бир топ көңүл бурулууда. Биз мындан ары да турак-жай менен камсыздоону, ыңгайлуу, заманбап инфратүзүмдөрү…

Кененирээк

Цумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда

Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанына, мурунку эски фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда. Буга чейин мэр аталган объектиге текшерүү менен барып, курулуш жүргүзүп жаткан компанияга аны алып салууга 72 саат убакыт берген. Мэрдин айтымында, курулуш бекитилген эскиздик долбоорго жана шаар куруу нормаларына шайкеш келбей турганы аныкталган. Ошондой эле ал жашыл аймак менен фонтан зонасын…

Кененирээк

Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин №14 шайлоо округунан шайланган депутаты Кундузбек Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазды. Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын жана бошогон мандатты өткөрүп берүү маселесин кароону пландап жатат. Буга чейин Сулайманов парламенттеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери кызматынан да кеткен. Ал VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештен акыркы бир жуманын ичинде кеткен бешинчи депутат болду….

Кененирээк

Мексикада дүйнөлүк деңгээлде издөөдө жүргөн бангитөбөлү өлтүрүлдү

Мексиканын армиясы “Халисконун жаңы мууну” (CJNG) картелинин лидери Немесио Осегера Сервантести — Эль Менчону — жок кылды. Бул тууралуу AP федералдык аткаминерге таянып билдирди. Ал дүйнөдөлүк деңгээлде издөөдө жүргөн бангитөбөлдөрдүн бири болчу. Операция Халиско штатында өтүп, АКШ кошумча чалгын маалыматын берген. АКШ буга чейин Эль Менчону кармоого көмөк көрсөткөн маалымат үчүн $15 млн сыйлык жарыялаган….

Кененирээк

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 23-февралда Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.  Белгилей кетсек, Алмасбек Абытов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген. 

Кененирээк

Италияда кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Италияда өткөн 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө аяктады. Медалдык эсепте Норвегия курама командасы алдыга чыгып, жалпы 41 медаль жеңип алды. Норвегиялык спортчулар 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль тагынып, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду АКШ курама командасы камсыз кылды 🇺🇸 Алар 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль…

Кененирээк