Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.18-февралдын кечинде Жеңишбек Токторбаев өз арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан алынды. Жанарбек Акаев учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Ал «Азаттыкта» бир канча жыл журналист болуп иштеген. Ошондой эле 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон.

Кененирээк

Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Кененирээк

Ала-Арча паркында эки тоонун ортосуна асма көпүрө курулуп, жазында родельбан ачылат

Президенттин иш башкаруучусу айнек көпүрөнүн курулушу 18-апрелде башталарын, ал эми май айынан баштап родельбан ишке берилерин белгиледи. Каныбек Туманбаев КППдан баштап асма жол салынып, эмдиги жылдан баштап электромобиль, автобустардан баш тартуу мерчемделип жатканын кошумчалады.

Кененирээк

Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын кабыл алды

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган жети депутат катышты. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана адам укуктары, сөз эркиндиги талкууланды. Садыр Жапаров ЕБ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Ал эми Жузеппина Принчи эки тараптуу алака ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, билим берүү тармагындагы…

Кененирээк

“Агро Диалог – 2026”: Чемпиондор кызыл килемден өтүштү

“Агро Диалог – 2026” иш-чарасы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өтүүдө. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка тааныштырылды. Тармактагы мыктыларга медалдарды жана 25 миң сомдук сертификаттарды министр…

Кененирээк

Суусамырда кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн алты күн издеп, 18-февралда көчкү алдынан таап чыгышты. Куткаруу иштерине жалпы 70 адам тартылды. Суусамырдын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы кишини 12-февраль күнү 50 баш кою жана аты менен кар көчкү басып калган.

Кененирээк

БШК төрт адамга депутаттык мандат тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдан эң көп добуш алган талапкерлерди депутат катары каттады. Айбек Алтынбековго, Талант Мамытовго жана Айгүл Карабековага Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүк жана төш белги ыйгаруу туралуу чечим кабыл алынды. Буга чейин БШК март айында өтө турган шайлоону жокко чыгарып, былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган. БШК ошондой эле Элдар Сулайманов…

Кененирээк

Эрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы Элчиси болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул менен бирге ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Туруктуу өкүл болуп дайындалды.

Кененирээк

Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу керек

Салыктык отчеттуулуктун маанилүү этабы башталды, ал уюмдардан жана мамлекеттик кызматкерлерден ыкчам аракеттерди талап кылат. Салык кызматы 1-апрель — юридикалык жактар жана муниципалдык кызматкерлер үчүн декларация тапшыруунун акыркы күнү экенин эскертет. Бул Кыргызстанда иштеп жаткан ата мекендик компанияларга да, чет өлкөлүк мекемелерге да тиешелүү. Жеке бизнес ээлери жана катардагы жарандар алардын отчет тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктай…

Кененирээк

Кыргызстандык самбочулар Минск шаарындагы мелдеште эки коло медаль утту

Беларустун борборунда өткөн самбо боюнча эл аралык мелдеште эки кыргыз спортчусу байгелүү орундарды ээледи. Күжүрмөн самбо боюнча 98 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду алды. Ошондой эле 64 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Саяк Бараканов да коло медаль тагынды.

Кененирээк