Комик Нурлан Сабуровго Россияга кирүүгө элүү жылга тыюу салынды

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, стендап-комик жана «Что было дальше?» шоусунун алып баруучусу Нурлан Сабуровго РФ аймагына 50 жылдык мөөнөткө, 2076-жылга чейин кирүүгө тыюу салынды. Алдын ала маалымат боюнча, ал бул тууралуу Дубайдан учуп келип, Москванын Внуково аэропортунда паспорттук көзөмөлдөн өткөндөн кийин билген. Материалдарда комиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу каржылык жагдайлар жана Россиядагы 60 млн рублдан ашкан мүлкү…

Кененирээк

Кыргызстандын Улуттук банкы жаңы «Асман Банк» ЖАКка лицензия берди

КР Улуттук банкы «Асман Банк» ЖАКка улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди. Чечим 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынып, банк чет өлкөлүк катышуусу бар уюм катары катталганы айтылды. Уюштуруучу катары Михаил Кузовлев (ВЭБ.РФ) көрсөтүлдү, жетекчи болуп Эркеайым Биялиева дайындалды — ал буга чейин «Керемет Банкта» башкармалыктын төрагасынын орун басары болгон. Маалыматка караганда,…

Кененирээк

Кыргызстанда 2025-жылы Салык жыйымдары 80 миллиард сомго өстү

6-февралда КР Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылдагы жыйынтыктар айтылып, жыйынга Адылбек Касымалиев жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов катышты. Маалыматка ылайык, салыктар жана төлөмдөр боюнча 308,4 млрд сом чогултулуп, план 40,1 млрд сомго ашык аткарылган, 2024-жылга салыштырмалуу таза өсүш 80,2 млрд сом болду. Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кошо эсептегенде жалпы жыйым 391,8 млрд сомду түзүп, такталган…

Кененирээк

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар катышат

Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Чолпон-Атададагы ипподромдо өткөн көчмө жыйынында маалым болду. Маалыматка ылайык, жыйында дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды. Маданий оюндардын байге фондуна 4 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрү айтылды. Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев…

Кененирээк

Бишкектин 2050-жылга чейинки келечеги коомдук талкууга коюлду

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору 23-февралга чейин коомдук талкууга чыгарылды. Документти шаар мэриясы даярдаган. Башкы план шаардагы функционалдык зоналарды жана маанилүү объектилерди аныктап, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу багытын көрсөтөт. Ал өнүктүрүү программаларында, курулуш жана жерди пайдалануу боюнча чечимдерде эске алынат. Долбоордо башкы план жер мунапысынын объектилерине жайылтылбай турганы, ал…

Кененирээк

Садыр Жапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн кечирим сурады

Президент Садыр Жапаров жеке автомектептердин жабылуусуна ьайланыштуу талкуулар боюнча Кабар агенттигине кайрадан түшүндүрмө берди. Жана ошондой эле өлкө башчы автомектептердин ээлеринен кечирим сураган. “Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет. 30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну…

Кененирээк

Үч жылдын ичинде Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу маселеси чечилет

Айыл чарба министринин айтымында, көл кылаасы боюнча учурда 72 калктуу пунктунда таза суу көйгөйү толук чечиле элек. Алардын ичинен 15 айыл Ак-Суу районунда жайгашкан. Бакыт Төрөбаев жалпы өлкө боюнча кандай иштер жасалып жатканына токтолуп, 600 айылда таза суу менен камсыздоочу системаларды куруу башталганын айтты.

Кененирээк

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын Алматыда өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту. Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы…

Кененирээк

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Жумушсуз деп катталгандар 38 миң  100 адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулду.

Кененирээк

Өлкөдө 174 миңге жакын жаран өзүнүн насыя алуусун чектеди

6-февралга чейинки мезгил аралыгында 173 904 адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилеп кетсек, бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштеп баштаган. “Өзүнө-өзү тыюу салуу” – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыяларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.

Кененирээк